2022-2023-окуу жылына балдарды биринчи класска электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg nөмөнкү графикке ылайык жүргүзүлөт:
- 11-апрелден саат 09:00 27-июнга чейин саат 08:59га чейин –юридикалык жашаган жери боюнча.
- 27-июндан саат 09:00дөн баштап 10-августка саат 10:00гө чейин– чыныгы жашаган жери боюнча.
Арыз берген ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документтери (паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жана баланын жеке идентификациялык номери болбосо, баланы мектепке каттоого мүмкүн эмес!
2022-жылдын 11-апрелине чейин ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкүлөрдү
Арыз берген ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документтери (паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жана баланын жеке идентификациялык номери болбосо, баланы мектепке каттоого мүмкүн эмес!
2022-жылдын 11-апрелине чейин ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкүлөрдү даярдашы керек:
– паспорт;
– баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
– жеке идентификациялык номер (ЖИН – ата-эненин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын паспортунда көрсөтүлгөн 14 сандан турган идентификациялык номер. Ал жок болгон учурда жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылуу керек.
– Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталында каттоо дарегинин болушун текшерүү.
Программалык деңгээлдеги система жарандардын төмөнкү жеңилдетилген категорияларына артыкчылык берет:
– үй-бүлөлөрүнүн жашаган жери боюнча аскер кызматчыларынын балдары;
– тиешелүү күбөлүк көрсөткөндө Кыргыз Республикасына көчүп келген жана кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары;
– үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата ушул жалпы билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мектептердин мугалимдеринин жана кызматчыларынын балдары.
2022-жылдын 11-апрелине чейин аскер кызматкерлери, кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар, мугалимдер жана мектеп кызматкерлери баланы мектепке каттоо учурга карата жогоруда аталган документтерге кошумча иштеген жеринен маалымкат (справка) даярдашы керек.
Ата – эне/ мыйзамдуу өкүл баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгангандан кийин, учурдагы жылдын 1 – августунан баштап 10-сентябрынан кечиктирбестен мектепке төмөнкү тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү:
– мектепке кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;
– баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери – нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту;
– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
– баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.
1 – августан баштап 10-сентябрга чейин мектепке тастыктоочу документтерди алып барбаган учурда бала 1-класска кабыл алынбайт.
Мектепке төмөнкү тастыктоочу документтер талап кылынат:
- Мектепке кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;
2. Баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери – нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү
- Ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту;
- Ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
- Алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
- Баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.
7. Жеке идентификациялык номер (ЖИН – ата-эненин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын паспортунда көрсөтүлгөн 14 сандан турган идентификациялык номер.
Видео-инструкции: