I этап мектеп олимпиадасы
2022-2023-окуу жылында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 11-ноябрындагы №2254/1 буйругуна ылайык , Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 11-ноябрындагы №1310/1 буйругу менен бекитилген «Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жөнүндө» жобого ылайык, таланттуу балдарды аныктоо үчүн оптималдуу шарттарды түзүү максатында , 17.11.2022-ж №106 мектеп ичиндеги буйруктун негизинде №45жалпы орто билим берүү мектебинде предметтик олимпиадаларды даярдоо жана өткөрүү боюнча план түзүлдү. 2022-жылдын 25-ноябрында мектептик олимпиаданын биринчи этабын өткөрүлдү.
Мектеп окуучулары окуу планынын бардык предметтери боюнча олимпиаданын мектептик этабына катышты.
Олимпиаданын мектептик этабынын максаты:
- мектеп окуучуларын ар кандай предметтерди окууга мотивациялоо;
- предметтер боюнча мектеп окуучуларынын билимин жана көндүмдөрүн баалоо;
- предмет боюнча жөндөмдүү, таланттуу окуучуларды аныктоо, мектеп окуучуларынын олимпиадасынын райондук этабына катышуу жана жөндөмдүү окуучулар менен жекече иштөө.
Олимпиадага 8-11-класстын окуучулары катышты. Алардын ичинен жеңүүчүлөр, предмет боюнча мыктылар аныкталды.
Комментарии