PISA-2025
Кыргызстан 2025-жылы эл аралык PISA изилдөөсүнө даярданууда. PISA 2025тин негизги багыты илим сабаттуулугу болот.
PISA бүткүл дүйнө боюнча мектеп окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун жана билимди практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн баалайт, башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучулардын коомдо толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон билим жана көндүмдөрдүн бар же жок экендигин баалоо максатын көздөйт.
2022-ж. 23-ноябрында № 45 ЖОББМ PISA тестерин тапшыруу үчүн 6-класстардын 176 окуучусу катышты.
PISAдагы өлчөө аймактары
Окуучулардын окуу жетишкендиктерин изилдөө “окуу сабаттуулугу”, “математикалык сабаттуулук” жана “табят таануу сабаттуулук” деген үч негизги багыт боюнча жүргүзүлүп, анда окуучулардын жалпы билим берүү жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өздөштүрүүсүн баалоого өзгөчө көңүл бурулду.
Комментарии