“Эне тил жана руханий маданият”
2023-жылдын 14-февралында “Эне тил жана руханий маданият” шаардык көркөм окуу кароо-сынагы №45 ЖОББМде болуп өттү.
КРнын президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясатын өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиянын адиси Осмоналиев Т. Ө., Бишкек шаардык мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Нурбек уулу Б., Свердлов РБББ мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Абдыкасымова Э.Т. кароо-сынактын сыйлуу коноктору болушуп, өз калыстыгын көрсөтүштү.
Кароо-сынакка шаарыбыздын райондорунан алдыңкы орундарга ээ болгон окуучулар келип катышты.
Иш-чара эне тилди даңктаган түрдүү ыр-бийлер менен коштолуп, жеңүүчүлөр сыйланды.
Комментарии