АК КАЛПАК КҮНҮ
2020-жылдын 5-март күнү №45 жалпы орто билим беруу мектебинде Ак калпак күнүнѳ карата иш-чара болуп ѳттү. Ак калпак күнү – кыргыздардын улуттук баш кийиминин урматына арналган майрам. Улуттук баш кийимдин маанилүүлүгүн сактоо максатында Жогорку Кеңештин 2015-жылдын 29-июнундагы № 825-VI токтому менен бекитилген. Касиети бийик калпакты муундан- муунга сактап, кыргыз жигиттери башынан түшүрбѳй кийип жүрсѳ деген негизги тилек менен ушундай жакшы саамалыкты ѳткѳрдүк.
Комментарии